Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Тажикстанда бийликтер Фейсбукту чектеп койду


Тажикстандын Интернет-провайдерлер ассоциациасы Фейсбук социалдык сайтынын чектелишин өлкөнүн Байланыш кызматынын тапшырмасы деп түшүндүрдү. Байланыш кызматынын жетекчиси Бег Зухуров Фейсбуктун жабылышын “техникалык себептерге” байланыштырып, бирок акыркы учурда “кара базарга айланып кетти” деп интернет колдонуучуларга нааразылыгын билдирди. Фейсбук сайты Тажикстанда жыл ичинде бир нече ирет жабылып, чектөө кайра алынган учурлар болгон. Өлкөдөгү интернет-провайдерлер жана укук коргоочулар тажик бийликтери баарлашуучу сайттардан да чочулап, цензура киргизүүдө деп кабатырлануу билдиришти.

XS
SM
MD
LG