Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведеев Францияга болгон сапарында маалымат каражаттарына маек куруп, анда Pussy Riot тобунун эки мүчөсүн түрмөдө кармоонун зарылчылыгы жок болчу деген пикирин билдирди. Ал Le Figaro жана Франс пресс агенттигине берген интервьюсунда Pussy Riot панк тобунун кыздарынын жоруктарын колдобой турганын, бирок аларды узак убакытка абакта кармоо туура эмес экенин айтты.
Pussy Riot тобунун 3 кызы Моквадагы Христос Коргоочунун храмында президент Путинди сындап ырдагандыгы үчүн камакка алынып, кийинчерээк алардын бири Екатерина Самуцевичтин жазасы 2 жыл шарттуу түрдөгү кесим менен өзгөргөн.
Медведевдин бүгүндөн тарта Парижге эки күндүк сапары башталды. Ал Франциянын премьер-министри Жан-Марк Эро жана президент Франсуа Олланд менен жолугушат.