Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандан Кыргызстанга келчү газдын көлөмү азайгандыгына байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев кырдаал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Кыргызстандын Казакстанга газ боюнча карызы 3 миллион 400 миң долларга жетти. Ал эми Өзбекстанга 114 миң доллар бересе. Кулмурзаев ири мамлекеттик өнөр жай ишканалар убагында газ үчүн акча төлөбөй карыз көбөйүп кеткенин белгиледи.
Премьер каржы министрине эки күндүн ичинде бул ишканалардын карызын жоюу үчүн бюджеттен акча үлөштүрүүнү тапшырды.
"Кыргызгаздын" маалыматы боюнча, Өзбекстанда газ чыккан жерде басым азайгандыктан “Казтрансгаз” ишканасы Кыргызстанга көгүлтүр отту аз бере баштады. Кыргызстандын бир сааттык керектөөсү 55 миң куб метр болсо, азыр 41 миң куб метр гана алып жатат. Ушундан улам Бишкек, Токмок жана Кант шаарларындагы айрым өнөр жай ишканалары жана кээ бир райондор газы жок калды. (EBM)