Кытайдагы экинчи ири “Пин Ань” камсыздандыруу компаниясы жакында басылмалардын биринде 2 миллиард 7 жүз миллиондук акциясы бар компанияны өлкөнүн премьер-министри Вэнь Цзябаонун туугандары көзөмөлдөйт деген маалымат жарыяланганын айтып, бул кабарды сотто далилдегени турат. Компаниянын билдирүүсүндө америкалык The New York Times гезитинин аты аталган эмес, бирок “мурдараак маалымат каражаттарында айтылгандай” деп жазылган. Дүйшөмбү күнү бул компания жана ага премьер-министрдин туугандарынын тиешеси бардыгы тууралуу The New York Times басылмасы макала жарыялаган болчу.