Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталып жаткан Чек ара кызматынын мурунку башчысы Замир Молдошевди Бишкек гарнизондук аскер соту кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кылмыш ишин жаап-жашырган деген айып менен күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылды.
Ал эми мурунку күзөт кызматынын капитаны Марат Турдукулов 18 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөөгө, “Альфа” атайын тобунун кызматкери Бакыт Байжанов жана күзөт агенттигинин башчысы Эргешбек Маткайымов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Мурдагы офицер Азизбек Кожошев 3 жылга эркинен ажыратылып, бирок кайра эле мунапыс менен бошотулду. “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновду өлтүргөн деп айыпталып жаткан Садык Борбуев 18 жылга эркинен ажыратылды.
Соттун өкүмүнө жабырлануучулардын да, айыпталуучулардын да адвокаттары нааразылыгын билдиришти. Алар бул өкүмдү жокко чыгаруу арызы менен соттун жогорку баскычтарына кайрылмакчы. (ZKo)