Бишкек шаарындагы 203 шайлоо участогунун 189ундагы добуш берүү саналып бүттү. Ага ылайык 32,22% добуш менен бийликтеги Социал-демократтар партиясы алдыда. Андан кийин 17,94% менен “Республика”, 10,25% менен “Ата Мекен”, 9,75% менен “Замандаш” партиясы баратат. Ал эми “Ар-намыс” партиясынын азыркы алган добушу 5,01%, “Ак шумкар” партиясыныкы 4,56%. БШК Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунда берилген добуштарды саноо улантылып жатканын билдирүүдө.
Калган аймактардын баарында добуштар 100% эсептелип бүткөн. Ага ылайык көпчүлүк добушка башкаруучу Социал-демократтар ээ. Андан кийин оппозициядагы “Республика” партиясы турат. 25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болгон. Шайлоого 29 партия жана ошондой эле өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катышкан.(ZKo)