Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Садыркуловдун иши боюнча сот өкүмүнө эки тарап тең канааттанган жок


Медет Садыркулов баштаган үч кишинин өлүмү боюнча Бишкек гарнизондук аскер соту чыгарган өкүмгө жабырлануучу тарап да, айыпталуучу тарап да канааттанбаганын билдиришти. Жабырлануучулардын адвокаты Леонид Лужанский бул өкүмдү жокко чыгаруу арызы менен жогорку сот инстанциясына кайрыларын “Азаттыкка” билдирди:

-Бул киши өлтүрүү, бул өзгөчө берене. Мында адамга каршы, адам өмүрүнө каршы өтө оор кылмыш турат. Ошондуктан, буга өтө олуттуу мамиле керек, мунапысты оңду-солду тарката берген болбойт. Мен бүгүнкү өкүмдү өтө эле жумшак деп эсептейм, ошондуктан, сөзсүз аны жокко чыгарууну Жогорку соттон сурайм.

Айыпталуучу тарап да өкүмгө нааразылыгын билдирүүдө, алар дагы аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен апелляциялык арыз жолдошмокчу. Мурдагы президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдун, анын айдоочусу Кубат Сулаймановдун, аналитик Сергей Слепченконун жана “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизондук аскер соту кечээ өкүм чыгарган. Ага ылайык бул иш боюнча айыпталып жаткан жети кишинин экөө мунапыс менен бошотулуп, бешөө беш жылдан он сегиз жылга чейинки мөөнөткө кесилишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG