Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кетрин Эштон Кыргызстанга келет


Кетрин Эштондун Борбор Азияга сапары бүгүн Кыргызстандан башталат. Ал өлкө жетекчилери менен адам укуктары маселелерин талкуулары айтылууда. Эштон шаршембиде Өзбекстанга, бейшембиде Тажикстанга, жума күнү Казакстанга бараары айтылууда. Ал сапар алдында “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маек куруп, Борбор Азияга баруу максатын “Мен билим берүү боюнча көбүрөөк иш жүргүзүүнү каалайм. Биз жарандык коомду жана бул өлкөлөрдүн экономикалык жактан алга жылышын колдогубуз келет” деп түшүндүргөн.
Кэтрин Эштон кечээ Грузияга сапары менен барып, президент Михаил Саакашвили жана премьер-министр Бидзина Иванишвили менен жолукту. Бул Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн Грузиядагы оппозиция жеңишке жеткен парламенттик шайлоодон кийинки биринчи сапары болду. Эштон Тбилисиде бийликтер менен сүйлөшүү учурунда президент Саакашвилини жана премьер-министр Иванишвилини “саясий атаандаштыктан арылып, Грузиянын өнүгүшүнө конструктивдүү салым кошууга” үндөдү.
“Хьюман Райтс Уоч” уюму Эштонду сапар учурунда укук коргоочулар менен жолугушуп, бийликтерди түрмөдө отурган активисттерди бошотууга чакырууга үндөөдө.(JAk/ZKo)

XS
SM
MD
LG