Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:50

Сириялык козголоңчулар ири ГЭСти басып алганы кабарланууда


Президент Башар Асаддын каршылаштары дүйшөмбү күнү өлкөнүн түндүк тарабындагы “Тишрин” гидроэлектрстанциясын карамагына алганын кеңсеси Лондондо жайгашкан сириялык укук коргоочу уюм маалымдады. “Тишрин” ГЭСи Сириянын негизги аймактарын, анын ичинде экинчи чоң шаар саналган Алеппону электр энергиясы менен камсыздайт. Укук коргоочулардын айтымында козголоңчулар эми өлкө түндүгүндө согушуп жаткан өкмөттүк күчтөргө жүк алып өтчү негизги жолду бууп алышы мүмкүн.
Ушул эле күнү активисттер борбор калаа Дамасктын чыгыш тарабына өкмөттүк армия таштаган чачыратма бомба балдар ойноочу аянтчага түшүп, онго чукул тестиердин өмүрүн алганын кабарлашты. Бийликтер болсо көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган чачыратма бомбаны колдонууда деген айыпты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG