Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Электр энергиясын берүү убактылуу чектелүүдө


“Түндүкэлектро” ишканасынын маалымдашынча, электр энергиясын чектөө аргасыздыктан улам болууда. Анда айтылгандай Чүй облусунун Аламүдүн районуна бүгүн саат 9:00дан 17:00ге чейин электр энергиясы берилбейт. Бул жаратылыш газы жок болуп жатканына байланыштуу акыркы күндөрү электр энергиясын пайдалануу чегинен өтө эле ашып кеткендиктен, көмөкчордондорду бузулуп кетүүдөн сактоо аракети менен жүргүзүлүүдө.

Өткөн жумадан бери Кыргызстандын түндүгүнө келип жаткан жаратылыш газынын басымы бир кыйла азайып, Бишкек шаарынын айрым райондоруна, өнөр-жай ишканаларына, Токмок жана Кант шаарларына газ берүү токтотулду. Кыргыз тарап бул маселени чечүү үчүн Казакстан жана Өзбекстан бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Энергетика министрлиги кышкы суукта электр энергиясын пландуу өчүрүүлөр болбой турганын, бирок ар кандай кырдаалга жараша кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр болорун эскерткен эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG