Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, шайлоо боюнча айрым протоколдордо техникалык каталар аныкталып, шек саноолор болгондуктан кайра эсептелип жатат. Маматов добуш берүүгө байланыштуу арыздар көп түшкөнүн, алардын баары териштирилерин, бул үчүн мыйзамда 20 күн каралганын белгиледи. (EBM)