Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов добуш берүү күнү “карусель" уюштурулуп жатканы жашыруун тартылган видеодо сөз болгон шайлоо участкасындагы жыйынтык кайра караларын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул видеону комиссиянын бардык мүчөлөрү көрүп чыккандан кийин чечим кабыл алынат жана бул ишти прокуратура териштирет.
Мындан мурдараак "Республика" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү делгендердин шайлоо участкасында катталбаган адамдарды кантип добуш бердиртүү жол-жоболорун үйрөтүп жаткан учуру жашыруун жазылган видео Интернетте тарап кетти. "Республика" бул тууралуу расмий комментарий тарата элек.(EBM)