Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Феликс Куловдун чечими тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, Куловдун бул коалицияны куроодо салымы чоң болгонун белгиледи. “Бирок Бишкек шаардык кеңешке шайлоодогу аздыр-көптүр мыйзам бузуулар мындай чечимге негиз болбошу керек”, - дейт Текебаев.
Коалициялык көпчүлүк төрага маселеси боюнча качан жыйынга чогулаары азырынча белгисиз.
Буга чейин “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов “Ырыс алды - ынтымак” коалициясынын төрагалыгынан кеткенин жарыялаган. Анын себебин жергиликтүү кеңешке шайлоо адилет өтпөгөндүгү менен түшүндүргөн. (EBM)