Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков коалиция тарайт деген жоромолду жокко чыгарды. Ал “Азаттыктагы” маегинде “Ар-намыс” партиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн коалициялык көпчүлүктөн чыгуу ниети жок экенин, төрага маселеси жакында талкууланарын билдирди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузуулар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпей турганын айтып, Куловдун дооматтарын четке какты.
“Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов мунун алдында 25-ноябрдагы шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун жарыялап, парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн төрагалыгын тапшырган. (EBM)
“Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов мунун алдында 25-ноябрдагы шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун жарыялап, парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн төрагалыгын тапшырган. (EBM)