Европа биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон Борбор Азияга сапарын Кыргызстандан баштады. Ал бүгүн Бишкекте Биримдиктин Борбор Азия өлкөлөрүнөн министрлер катышкан жыйынды алып барды. Жыйынга аймактагы беш өлкөнүн тең тышкы иштер министрлери келди. Эштон ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөштү.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү быйыл жыл башынан бери 433 миллион долларды түздү. Эртең Эштон Өзбекстанга барып, андан ары Тажикстан, Казакстанга токтолот.
Бишкекке жол тартаар алдында Эштон Европа биримдигинин Борбор Азиядагы ролу улам күчөп баратат деп ырастаган. Укук коргоочу "Хьюман Райтс Уотч" уюму Эштонду жергиликтүү бийликтерден ак жеринен түрмөгө кесилген укук коргоочулардын бошотулушун суранууга үндөгөн. (jch)