Биринчи жолу бейтапка башка бирөөнүн бөйрөгүн ийгиликтүү салган америкалык дарыгер Жозеф Мюррей Бостондо 93 жашында жүрөгү кармап, бейшемби күнү каза тапты. Мюррей өз командасы менен бөйрөктү биринчи жолу 1954-жылы алмаштырган. Ал операцияда эгиздердин биринин бөйрөгү экинчисине салынган эле. Кийин Мюррей бөтөн органды «жериген» иммунитетти калыпташтыруунун жолдорун иликтөөнү улантып, 1990-жылы Нобелдин медицина жана физиология боюнча сыйлыгына татыган. jch