Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Камчыбек Ташиев дагы бир айга камакта калды


“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди камоо мөөнөтүн бүгүн Биринчи Май райондук соту 3-январга чейин узартты. Бул тууралуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Адвокат сот Ташиевдин ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин маалыматын эске алган жок деп кошумчалады.
Камчыбек Ташиев УКМКнын абагында жаткан кезинде ден соолугу кескин начарлап, коопсуздук кызматынын аскердик-медициналык стационарына которулган. Ал жерде бир айдан ашуун жаткан соң, 20-ноябрда кайрадан убактылуу камоо жайына кайтарылган. Дарыгерлер ага “ашказанында жара бар” деген диагноз коюшкан.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген беренелердин негизинде камакка алынган.

5-октябрда Биринчи май райондук соту аны 3-декабрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG