Президент Мухаммад Мурсинин өз бийлигин күчтөндүрүп алышына каршы уюштурулган Каирдеги демонстрацияга миңдеген киши келди. Полиция Тахрир аянтындагы таш ыргыткан жаштарга көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бул газдан 52 жаштагы бир киши көз жумганы кабарланды. Сынчылар сот териштире албай турган жардык чыгаруу менен Мурси диктаторлук жолго түштү деп айтышууда.
Жардык өткөн бейшембиде жарык көргөндөн берки нааразылык акцияларында кеминде бир киши набыт болуп, ондогон адам жараат алган. Тирешти козутпоо үчүн "Мусулман агаиндер" Мурсини колдогон жүрүшүнөн баш тартышты. Египеттеги алгачкы эркин добуш берүүдө президент болуп шайланганга чейин Мухаммад Мурси "Мусулман агаиндер" уюмунун таасирлүү өкүлү болгон.