Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Кэтрин Эштондун Кыргызстандагы сапары аяктады


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү кечээ Борбор Азия өлкөлөрүнүн жыйынына катышып, анда бул чөлкөмдөгү антитеррордук күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки кырдаал, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын ортосундагы суу талаш маселелери, интернет пайдалануу, билим берүү, аялдар жана балдар маселелерин талкуулады.

Кэтрин Эштон түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланып, Атамбаев өлкө көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Евробиримдик көрсөтүп келе жаткан колдоолорго ыраазычылыгын билдирди. Кэтрин Эштон Кыргызстанга сапары жемиштүү болгонун айтып, биримдиктин Борбор Азияга стратегиясы жаңырып жатканын билдирди:

- Менин оюмча 5 жылга артка кылчайып карап, анан Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда эмнеге жетиштик деп караган оң. Бул жагдай Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы эки тараптуу кызматташуусу үчүн абдан чоң мааниге ээ.

Кэтрин Эштондун Евробиримдик мындан ары да Кыргызстанга демократиялык коомду түзүүдө жана экономиканы өнүктүрүүдө колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү бүгүн Өзбекстанга барат, андан соң Тажикстанда жана Казакстанда болот.

1996-жылдан тарта Евробиримдиктен Кыргызстанга ар кандай долбоорлор аркылуу 450 миллион евро суммада жардам келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG