Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Египет: Мурсинин жардыгына каршы демонстрацияда дагы бир киши набыт болду


Кечээ Каирдин Тахрир аянтына президент Мухаммад Мурсинин өз бийлигин күчтөндүрүп алышына каршы демонстрацияга он миңдеген киши чогулду. Полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон соң, эки тараптын ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада 52 жаштагы демонстрант каза болгону кабарланууда. Бул Мурси өзүнүн бийлигин кеңейтүү тууралуу жардык бейшембиде жарык көргөндөн берки нааразылык акцияларында өлгөн экинчи киши. Нааразылык толкуну Каирден тышкары Александрия, Суэце, Минйа жана ал-Махалла шаарларында да өттү.

Египеттин президенти Мухаммад Мурси жардык өлкөдөгү демократиялык жараяндарды тездетүү максатында чыгарылганын, парламенттик шайлоодон кийин кайра жокко чыгарыларын айтууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG