Мурдагы атомдук электрстанциянын өзөктүк коркунучунан сактоочу жайдын биринчи бөлүгү курулуп бүттү. Бул долбоорду каржылап жаткан Европа өнүктүрүү банкы муну 1986-жылы болгон апааттын кесепеттеринен сактоочу негизги кадам деп баалады.
Долбоор жетекчисинин орун басары Виктор Зализетский өзөктүк коркунучтан сактоочу жайдын мааниси чоң деп белгиледи:
- Бул объектти куруу максаты – радиоактивдүү жана зыяндуу нурлардын айлана-чөйрөгө таралышын алдын алуу. Бул курулуш Украинаны жана ошондой эле Европа өлкөлөрүн өзөктүк коркунучтан сактайт.
Курулуштун бүтүшү 2015-жылга белгиленген, долбоор боюнча өзөктүк коркунучтан сактоочу жайдын узуну 257, бийиктиги 110 метр болмокчу. Долбоор жалпысынан 1 миллиарддан ашык долларга бааланган.
Чернобыл Атомдук электр станциясындагы кырсык 1986-жылы болгон, ошол убакта 31 киши өлгөнү расмий айтылганы менен өзөктүк нурга ууланган көптөгөн адамдар жыл сайын дүйнө менен кош айтышууда. (ZKo)