Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Бишкекте шайлоо добуштарын саноо аяктап калды


Бишкек шаарындагы 203 шайлоо участогунун 202синдеги добуштар саналып бүттү. Мурдагыдан өзгөрүү аз, 32,87% добуш менен бийликтеги Социал-демократтар партиясы алдыда. Андан кийин 18,03% менен “Республика”, 10,28% менен “Ата Мекен”, 9,54% менен “Замандаш-Современник” партиясы баратат. Ал эми “Ар-намыс” партиясынын азыркы алган добушу 4,86%, “Ак шумкар” партиясыныкы 4,47%. БШК Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунда берилген добуштарды саноо улантылып жатканын билдирүүдө.

Калган аймактардын баарында добуштар 100% эсептелип бүткөн. Ага ылайык көпчүлүк добушка башкаруучу Социал-демократтар ээ. Андан кийин оппозициядагы “Республика” партиясы турат.

25-ноябрда Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болгон. Шайлоого 29 партия жана ошондой эле өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG