Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Кыргызстан-Орусия: аймактар аралык кызматташуу кеңейет


Бишкекте бүгүн Кыргызстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташуусун кеңейтүү маселелерине арналган эки күндүк жыйын башталды. Ага Орусия тараптан президенттин, өкмөттүн жана бир катар ири ишкана-компаниялардын өкүлдөрү келди. Кыргыз тараптан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, жана аймактардагы өкмөт өкүлдөрү катышууда. Анда жалпысынан экономика, энергетика, айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Жыйында Сатыбалдиев конференциянын алкагында буга чейин түзүлгөн бир катар келишимдерге кол коюулушу мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан миграция маселелерин да талкуулап алууга кызыкдар экенин айтты.

Маалымат боюнча, Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен 500дөн ашык ишкана бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG