Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Талас: шайлоо бекеттин төрайымы акча алган деген факт тактала элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Бактыгүл Турусбекова билдирди. Анын айтымында, №6108 шайлоо бекеттин төрайымы Гүлнара Камалдинова шайлоо документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес эсептөө фактысы боюнча айыпталып жатат. Ал эми акча алды деген шектенүүлөрдү тергөө териштирет. Азырынча анын акча алып-албаганы аныктала элек.

Буга чейин айрым маалымат булактарда Камалдинова шайлоого катышкан партиялардан чоң суммада акча алганы жарыяланып кеткен эле.

Добуш берүү күнү №6108 шайлоо бекетинен 102 бюллетень жоголуп, бир нече сааттан кийин 92си табылган. “Таза шайлоо” ассоциациясынын аймактагы байкоочусу Айжамал Канаеванын айтымында, табылган бюллетендерде “Замандаш-Современник” партиясына белгилер коюлган. Бул окуядан кийин аталган бекеттеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу. (MbA)

XS
SM
MD
LG