Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Кытайдын жүк ташыган унааларын өткөрбөө тууралуу токтом күчүндө калды


Бүгүн Жогорку Кеңеш жүк ташыган Кытайдын унааларын Кыргызстанга өткөрбөө тууралуу токтомду жокко чыгаруу тууралуу өкмөттүн сунушун талкуулады. Анда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Кытайдан Кыргызстанга жылына 30-40 миңдей жүк жүктөгөн чон унаа каттаарын, алардын 15 миңдейин жеригиликтүүлөр түзөөрүн маалымдады. Бишкек менен Ошту товар менен камсыздаган Кытайдын унаалары кирбей калса, өлкөнүн бюджети бир топ акчадан кур жалак калаарын айтты. Бирок көпчүлүк депутаттар буга ынабай, сунушту колдобой койду.

Жогорку Кеңеш Кытайдын жүк ташыган унааларын киргизбөө тууралуу 1-ноябрда токтом кабыл алган. Ага Кытайдан унаа көп келгендиктен, кыргызстандык жүк ташуучулар ишсиз калып жатканы негиз болгон эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG