Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

МАГАТЭ компьютердик системасына хаккерлер кол салганын моюнга алды


Киберчабуулга Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин серверлеринин бири кабылган.

Натыйжада МАГАТЭ иштеген жүздөгөн эксперттер тууралуу маалыматтар перс тилиндеги хаккерлик сайттардын бирине чыгып кеткен.

Хаккерлер аларды Израилдин атомдук энергетика чөйрөсүндөгү ишмердигин ачык иликтөө боюнча катка кол коюуга чакырышкан.

Израилде өзөктүк курал бар деген маалыматтар айтылып келет. Бирок ал өзү муну ырастабайт да, төгүндөбөйт да.

Иранды Батыш өлкөлөрү менен катар Израил да өзөктүк куралды жашыруун жасап жатканы үчүн айыптап жүрөт. Тегеран болсо бул ырастоолорду четке кагат. (UE)

XS
SM
MD
LG