Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Дамасктын чет жакасындагы кош жардырууда 30дан ашуун киши каза тапты


Жарамана районунун жардыруу болгон жери. 28-ноябрь, 2012-жыл.
Жарамана районунун жардыруу болгон жери. 28-ноябрь, 2012-жыл.
Эки машиненин жарылуусунан кеминде 34 киши каза таап, ондогон киши жаракат алганын Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары, активисттер да билдиришти. Мамлекеттик САНА агенттигинин айтымында, Дамасктын чыгышындагы Жарамана районундагы жардыруулардын артында “террорчулар” турат.

Өзү соңку күндөрү Дамасктын айланасында айыгышкан атышуулар жүрүп жаткан. Кабарларга караганда, өкмөтчүл согушчандар көбүнесе христиандар менен друздар жашаган Жарамана районун козголоңчулардан коргоо үчүн куралдуу топторду түзүшкөн.

Өткөн айда ушул райондогу жардыруудан 11 киши мерт болгон.

Активисттердин эсебинде, президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң башталган былтыр марттан бери 40 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG