Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Бишкектин базарларында салык төлөй турган терминалдар орнотулат


Мамлекеттик Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев бүгүн Бишкектеги ири жана чакан базарлардын башчылары менен жолукту. Анда салык чогултууну жакшыртуу маселелери талкууланды.

Масалиев базар башчыларын салык чогултуу боюнча ыйгарым укукту алууну сунуштады. Бирок бул сунуш кабыл алынган жок.

Масалиевдин билдиришинче, шаардагы Орто-Сай базарында салыкты төлөй турган алты терминал орнотулган. Мындай терминалдар жакында дагы башка ири базарларда, соода-сатык борборлордо орнотулмакчы. Бул тууралуу Салык кызматтан кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG