Бул тууралуу Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигинин башчысы Ферейдун Аббаси –Давани МАГАТЭнин эртеңки жыйынын утурлай айтты. Ал жыйында МАГАТЭ Тегерандын өзөктүк ишмердиги чын эле тынчтык максатты гана көздөрүн тактоо аракетинде жылыш жоктугун талкуулашы керек.
Ирандын Атом энергетикасы боюнча мекемесинин башчысы ошондой эле анын өлкөсү Арак деген жерде сууда иштөөчү оор реакторду “жакын арада” сынактан өткөрөрүн кошумчалаган.
Уран байытуу программасынан баш тартпаганы үчүн АКШ жана Батыш өлкөлөрү Иранга буга чейин бир канча санкцияларды киргизишкен.
Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран программасы энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет.
(UE)