Сириянын президенти Башар ал-Асад өлкөдөгү киризистин сырттан кийлигишүү менен чечилишин караманча четке какты. Ирандын сыналгысынан сүйлөгөн сөзүндө да өз милдетин «террористтерди жок кылуу менен» элди коргоо экендигин билдирди. Эртең дээрлик бир жарым жыл мурда башталган Сириядагы коога боюнча эл аралык жыйын өтөт, ага Иран менен Сауд Арабстан чакырылган жок. Жыйындын максаттары тууралуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун мындай деди:
- Ушул тапта мен жыйындан кандай жыйынтык болоорун айта албайм, бирок атайын элчи Кофи Аннандын бийликтин алмашуусу боюнча өздүк программасы бар, ал делегаттарга таркатылып берилди. Биз биринчи кезекте бул жаңжалды толугу менен токтотуунун айла-амалын караштырабыз.
Анын аралыгында, Сириянын өзүндө кан төгүү улам күчөгөндүн үстүндө болуп жатат. Ошондой эле Асаддын аскерлери өткөн жумада бир согуштук учагын атып түшүргөндөн кийин чек арада күчтөрүн даярдык абалга келтирип жаткан Түркия менен алака оорлоп жатат.