Башкы ассамблея бүгүн Палестин автономиясынын БУУдагы “байкоочу” макамын “мүчө эмес, байкоочу өлкө” кылып көтөрүү маселесин добушка салары күтүлүүдө. Мындай сунуш менен БУУга палестин тарап өзү кайрылган.
Палестин саясатчылары добуш берүүнү автономия үчүн “тарыхый” окуя катары мүнөздөшкөнү менен алардын мындай кадамына каршылык билдирген Израиль БУУдагы макамдын жогорулашы жериндеги кырдаалга эч өзгөртүү алып келбесин айтууда.
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг күтүлүп жаткан добуш берүүнү комментарийлеп мындай деди:
- Израилдиктер менен палестиндердин сүйлөшүү үстөлүнө мүмкүн болушунча тез кайтуусунун абдан зарылдыгын эске алып, биз палестин президенти Махмуд Аббастан резолюцияны азыр алга жылдырбоону сурандык. Биздин пикирибизче, азыр АКШ администрациясына жаңы тынчтык демилгесин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берүү дурус болмок. Биз БУУнун резолюциясы айрымдар тарабынан Израиль менен эки тараптуу сүйлөшүүдөн кетүү катары сүрөттөлөрүн көргөздүк.
Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, Европанын Франция, Австрия, Дания, Испания, Швейцария сындуу өлкөлөрү Палестинанын БУУдагы маккамы көтөрүлүшүн колдойт.
Бирок АКШ, Германия, Израиль каршы добуш берет. Британия калыс калчыдай.
(UE)