Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кетрин Эштон Өзбекстанга иш сапарында президент Ислам Каримов менен жана тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту. Кечирээк жергиликтүү активисттер менен өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулады.
Өзбекстанга сапары Эштондун Борбор Азиядагы экинчи аялдамасы болуп эсептелет, шейшембиде ал Кыргызстанда болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жыйынына катышкан. Анда антитеррордук күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки Борбор Азиядагы күтүлгөн кырдаал, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын ортосундагы суу талаш маселелери, интернет пайдалануу, билим берүү, аялдар жана балдар маселеси тууралуу пикирлери менен бөлүшкөн.(ZKo)