Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун добуштары саналып бүттү


БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын качан чыгарары азырынча белгисиз. Шайлоо кодекси боюнча жыйынтыктар шайлоо болгондон кийинки 20 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан чыгарылат. Андан кийин гана алар БШКга өз жыйынтыктарын сунушташат деп билдирет БШК.

Ошондой эле кечээ Боршайком Бишкек шаарындагы шайлоочулардын тизмеси менен шайлоого катышкан адамдардын санында пайда болгон айырма тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык БШКнын сайтындагы добуш берүүгө катышкан адамдардын саны алдын ала берилген маалымат болуп эсептелет жана укуктук мааниси жок. 25-ноябрь күнү добуш берүүгө Бишкек шаарынан катталган 346 338 шайлоочунун 109 495и катышкан, ал эми шайлоо участкалары жабылган учурда сайтта илинип турган маалымат участкадан сырткары добуш бергендердин санын камтыган эмес деп жазылат түшүндүрмөдө.

25-ноябрь күнү Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп, ага өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана 29 партия катышкан.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG