Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Лейлектеги кен иштетүүгө каршылык боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү


Комиссия кен иштетүүнүн мыйзамдуулугун, экологиялык талаптардын аткарылышын жана кен иштетүүгө каршылыктын келип чыгышын иликтөөгө алмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Атамбек Ботоев билдирди.

 Аймакта кен иштетилүүсүнө каршы болгон жергиликтүү жаштар кечээ Ош-Исфана жолун буушкан. Алар айылга келген суу булганып, экология бузулуп жатат деген жүйөөлөрдү карманууда. Жол буугандар ошондой эле кен иштеткен компаниянын вагонун оодарган жаштарды милиция жоопко тартып, коркутуусун токтотууну да талап кылышууда.

Жергиликтүү элдин айтымында, кен Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдары ичкен Козу-Баглан дарыясынын башында турат. Ушундан улам эл кен казылса, суу булганарын, таза суусуз калаарын айтып нааразы болууда .(JsA:ZKo)

 

XS
SM
MD
LG