Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасын талкуулайт


Уюмдун жыйыны бейшембиде Австриянын борбору Вена шаарында болот. МАГАТЭнин билдирүүсүнө караганда, жыйын Иран жакында жаңы центрифугаларды башкарууга жетишери тууралуу маалыматтан кийин болуп жатат. Кечээ Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигинин башчысы Ферейдун Аббаси –Давани Иран уран байытууну улантарын айткан. Ирандын Атом энергетикасы боюнча мекемесинин башчысы ошондой эле анын өлкөсү Арак деген жерде сууда иштөөчү реакторду “жакын арада” сынактан өткөрөрүн кошумчалаган.

Уран байытуу программасынан баш тартпаганы үчүн АКШ жана Батыш өлкөлөрү Иранга буга чейин бир канча санкцияларды киргизишкен.

Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран программасы энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG