Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Өткөн түнү Бишкектин бир катар конуштары электр жарыгысыз калды


Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов бүгүн парламентте электр энергиясына байланыштуу кырдаал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ага ылайык, Кыргызстан азыр бир суткада 56 миллион киловатт саат электр энергиясын пайдаланып жатат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 4 миллион киловатт саатка көптүк кылат. Ушул тушта бир күндө 30-40 авария катталууда.

Калмамбетов кечээ кечинде Бишкекте “Фрунзе” подстанциясында ири авария болгонун, анын айынан Кызыл-Аскер, Арча-Бешик конуштары жана шаардын түштүк бөлүгү жарыксыз калганын, таңга маал подстанциянын иши жөнгө салынганын кошумчалады.

Министр Кыргызстанда маал-маалы менен свет өчүрүлбөй турганын, бирок авариялардын айынан гана электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап жатканын айтып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG