Кара-Кулжа районунун 75 жылдык майрамы 1-декабрда белгиленет. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди. Анын айтымында, юбилейге сарпталчу каражаттын негизги бөлүгүн жергиликтүү ишкерлер көтөрүүдө. Майрам райондун борбордук стадионунда болот. Боз үйлөр тигилип, улуттук ат оюндары өткөрүлөт.
Кара-Кулжа району Ош облусунда жайгашкан. 49 айыл жана 12 айыл округунан турат. 1936-жылы Совет району болуп түзүлүп, 1992-жылы Кара-Кулжа району болуп өзгөртүлгөн. Калкынын саны 87 миңден ашат. Жергиликтүүлөр негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен күн кечирет. (SE)