Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Талас шаарында кинотеатр жаңыланды


Талас шаарындагы "Кырк-Чоро" кинотеатры USAID уюмунун жана Жаштар министирлигинин колдоосу менен кайрадан оңдоп түзөтүлдү. Бүгүн расмий ачылышы болуп, ага USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кери Гордон, шаар жана облус бийлигинин өкүлдөрү катышты.

Кинотеатрдын салтанаттуу ачылышынын урматына режиссерлор Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосеит Мамбетакуновдун “Көч” кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлдү.

297 орундуу кинотеатрды оңдоого 14 миллион сом жумшалып, анын 8 млн. сомун USAID бөлсө, калганы Жаштар министрлиги бүтүргөн. Эми кинотеатрдын бир бөлүгү жаштар борбору катары иштейт. Анда жаштардын үн жаздыруучу студиясы, тил борбору уюштурулган. (MbA)

XS
SM
MD
LG