Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

30 шайлоо бекетте добуштар кайра саналат


Борбордук шайлоо комиссиясынын төргасы Туйгунаалы Абдраимов 30 шайлоо участкасында добуштар кайра саналарын бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ага ылайык, Ысык-Көлдө 3, Таласта 2, Чүйдө 1, Нарында 3, ал эми Жалал-Абадда 7 шайлоо участкасында бюллетендер кайра эсептелет. Азыр БШКнын мүчөлөрү аймактарга бөлүнүп алып жөнөп кетти. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн аймактардан добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу түшкөн арыздар териштирилип бүтө элек.

Абдраимов Бишкекте 14 шайлоо участкасында добуштар кайра саналганын, эгер зарылчылык болсо бардык добуштарды кайра эсептөөгө даяр экенин белгиледи.

Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылында 25-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG