Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Юкия Амано Ирандын өзөктүк программасы боюнча олуттуу маселелер али чечиле электигин бүгүн Венадагы жыйында билдирди.
Ал ошондой эле Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар анын өзөктүк программасына көзгө көрүнгөндөй таасир тийгизбегенин кошумчалады.
МАГАТЭ Ирандан анын шектүү өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүтү боюнча суроолорго жооп алууну көздөп келет.
Венадагы азыркы жыйында утурлай өткөн айда жарыяланган баяндамасында МАГАТЭ Иран жер алдындагы Фордо өзөктүк комплексинде уран байытуучу жабдуу –центрифугалардын санын көбөйтүшү мүмкүндүгүн белгилеген. (UE)