Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:36

Египетте Конституциянын жаңы долбооруна добуш берилүүдө


Баш мыйзамды жазып жаткан ассамблея долбоордун акыркы үлгүсүнө бүгүн добуш берүүгө киришти. Андан соң долбоор президент Мохаммад Мурсиге берилип, ал документти жалпы элдик референдумга алып чыгуусу керек.

Баяндамачылардын пикиринде, президент Мурси Конституцияны кабыл алуу жараянын алга жылдыруу аркылуу анын өз бийлигин кеңейткен чечими тутандырган кризисти жөндөөгө үмүттөнүүдө.

Мурсинин өз бийлигин кеңейткен чечими өткөн бейшембиде чыккандан бери аны жактагандар менен каршылардын кагылыштардан эки адам өлүп, жүздөгөндөрү жаракат алган.

Президент өз чечимдерин соттукунан жогору койгонуна байланыштуу Египеттин Кассациялык жана Апелляциялык соттору нааразылык иретинде ишин токтотуп койду.

Мурсинин жактоочулары ушул ишемби күнү борбор Каирдин Тахрир аянтына митингге чогуларын жарыялашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG