Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Ташкенде Борбор Азия энергетикалык айлампасы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калманбетов билдирди. Анын айтымында, бүгүн Казакстан менен Өзбекстан бир чечимге келишсе, Кыргызстан үчүн да маселе чечилет.

Бул аралыкта Казакстандын KEGOC энергетикалык компаниясы Өзбекстан энергетикалык айлампадан электр энергиясын мыйзамсыз алууну улантып жатканын маалымдады. Аталган компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Марат Мухамедсалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Өзбекстан күндүз алган электр энергиясынын көлөмү 650 МВтка жетет, ал эми түнкүсүн тескерисинче Өзбекстандан келген электр энергиясынын агымы 1050 МВтты түзөт.

Энергетикалык айлампанын Казакстандагы диспетчердик борборунун маалыматы боюнча 28-ноябрга карата энергетикалык айлампадан Өзбекстан мыйзамсыз алган электр энергиясынын көлөмү 25 млн. кВт саатка жеткен. Ал эми өткөн жылы жана быйылкы тогуз айда айлампадан мыйзамсыз алган электр энергиясы үчүн Өзбекстан Казакстанга 35 млн. доллар төлөп берген.

Өткөн жылы Казакстан Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан чыгуу ниетин билдирип, буга Өзбекстандын айлампадан электр энергиясын мыйзамсыз алганын негиздеген эле. Эгер Казакстан айлампадан чыкчу болсо, Кыргызстандын түндүгүнүн бир бөлүгү жарыксыз калат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG