Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

“Ырыс алды - ынтымак” коалициясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулат

Анда төрага маселеси каралмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков маалымдады. Анын айтымында, бүгүн коалициянын жаңы төрагасы шайланышы ыктымал, коалицияга мүчө фракциялар сунуштап жаткан талапкерлер бар.

“Ырыс алды – ынтымак” коалициясы сентябрь айында мурдагы “Биримдик жана өнүгүү” коалициясы тарагандан кийин түзүлгөн. Анын курамына “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСД партиялары кирет. (ZKo)
​
XS
SM
MD
LG