Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Британияда басма сөздү тескөөчү орган түзүү сунушталды


Лорд Левесон. 29-ноябрь, Лондон.
Лорд Левесон. 29-ноябрь, Лондон.
Мындай сунуш британ басма сөзүнүн иши боюнча сегиз ай жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде даярдалган баяндамада айтылат.

Иликтөө жүргүзгөн топтун башчысы, лорд Левесон баяндаманы жарыялап жатып:

- Пресса саясатчылардан, өкмөттөн, индустрия лидерлеринен чындап көз карандысыз жаңы тескөөчү орган түзүшү керек. Ал журналистиканын жогорку стандарттарын, коомдун кызыкчылыктарын, ага катар жеке адамдардын укугун, эркиндигин коргоого көмөктөшүүсү абзел.

Баяндама авторлору ал сунуштаган чаралар телефон тыңшоо, маалымат уурдоо, паракорчулук өңдүү терс иштерге жана укук бузууларга бөгөт койот деп үмүттөнүшүүдө.

Британ прессасынын ишин иликтөө боюнча комиссия айтылуу медиа магнат Руперт Мердоктун News of the World гезитинин журналисттеринин телефон тыңшаганы боюнча тутанган жаңжалдан кийин өкмөт тарабынан түзүлгөн.

Премьер-министр Дэвид Камерон парламентте сүйлөп жатып, баяндаманын негизги тыянактарын колдоду. Бирок парламентти жаңы мыйзамдарды кабыл алууда этият болууга чакырып, алар “сөз жана басма сөз эркиндигине” шек келтирбеши керектигин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG