Жаңы долбоорду даярдаган жана исламчылар үстөмдүк кылган ассамблея Баш мыйзамдын мурдагы режимдин тушундагы жобосун өзгөрткөн жок. Ага ылайык, Египетте “шарияттын принциптери мыйзамдардын башкы булагы” бойдон калат.
Долбоор толугу менен жактырылган соң президент Мохаммед Мурсиге берилип, ал документти жалпы элдик референдумга алып чыгышы керек.
Баяндамачылардын пикиринде, президент Мурси Конституцияны кабыл алуу жараянын алга жылдыруу аркылуу анын өз бийлигин кеңейткен чечими тутандырган кризисти жөндөөгө үмүттөнүүдө.
Мурсинин өз бийлигин кеңейткен чечими өткөн бейшембиде чыккандан бери аны жактагандар менен каршылардын кагылыштардан эки адам өлүп, жүздөгөндөрү жаракат алган. (UE)