Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Милиция Апрел кениндеги башаламандык боюнча кылмыш ишин козгоду


Лейлектин Катраң айылындагы кенди иштетүүгө каршы аракеттер боюнча кылмыш иши козголгонун ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев кечээ парламентте билдирди. Анын айтымында, 19-ноябрда жана 22-ноябрда кен иштетүүчү ишкананын лагеринде болгон башаламандыктар боюнча боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин “өзүм билемдик”, “тоноо”, “мүлктү атайылап жок кылуу же бузуу” жана “ээнбаштык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Министрдин орун басары буга байланыштуу Өзгөрүш жана Катыраң айылдарынын бир нече тургундарына суракка чакыруу берилгенин тастыктады.

Анын айтымында, бүгүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тиешелүү министрликтердин кызматкерлери менен чогуу жергиликтүү эл менен жолугушат.

ИИМдин маалыматы боюнча, 10-ноябрда Катыраң айылынын 36 тургуну Алмалуу участогунда кен иштетүүнү токтотууну талап кылышкан. Алар кен иштетүүдөн келтирилген чыгымдарды төлөө, лицензияны жокко чыгаруу, жолду жана көпүрөнү оңдоо талаптарын коюп, 22-ноябрга чейин тиешелүү техникаларын алып чыгып кетүүнү орусиялык ишканага эскертишкен. Министр орун басарынын сөзү боюнча 19-ноябрда Өзгөрүш жана Катыраң айылдарынын 100 чакты тургуну кен иштеткен лагерден жумушчуларды кууп чыгууга аракеттенип, алардын буюмдарын тартып алышкан. 22-ноябрда жергиликтүү тургундардын бир тобу лагердеги вагонду оодарып, мончону өрттөп жиберишкен.

27-ноябрь күнү Апрел кенин иштетүүнү токтотуу талабын койгон жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолун буушкан. Алар кен Кыргызстан менен Тажикстандын ондогон айылдары суу ичкен Козу-Баглан дарыясынын башында жайгашканын айтып, кенди иштетүүдөн элдин саламаттыгына зыян тийип жатканын белгилешкен болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG