Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Ооганстандын тышкы иштер министри Пакистанга барат


Жаңы тышкы иштер министри Залмай Расул бүгүн Пакистандын жогорку бийлиги менен сүйлөшүү үчүн Исламабадга барат. Сүйлөшүүлөр Ооганстандагы согуштан улам үзүлүп калган келишимдерге байланыштуу болору күтүлүүдө. Ооган Тышкы иштер министрлигинин өкүлү министр Пакистан бийлигин камактагы талиптерди бошотууга чакырат. Эки жума мурун Пакистан кеминде тогуз талипти Кабул менен ишеним түзүү үчүн бошоткон. Ушул тапта Пакистанда кармалып турган ондогон талиптердин арасында 2010-жылы Карачиде туткундалган аскер башчы Мулла Абдул гани Барадер бар.

Ооганстан менен Пакистан бийликтеринин бүгүнкү жолугушууларында эки тараптуу соода транзити тууралуу келишим, Пакистандагы 2 млн. жакын ооган качкындарынын маселеси жана кийинки жылы боло турган диний аалымдардын конференциясы жөнүндө да сүйлөшүүлөр болору айтылууда .(ZKo)

XS
SM
MD
LG