Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

“Ар-намыс” коалиция боюнча жыйынга чогула албай жатат


Кабарчыбыз Заирбек Бактыбаевдин билдиришинче, кворумдун жоктугунан Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын жыйыны 1 саатка жылды. Фракция бүгүн коалициялык көпчүлүктөн чыгуу, же чыкпоо маселесин чечмек.

Социал-демократтар партиясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктагы” маегинде “Ар-намыстын” лидери Феликс Куловдун коалициядан чыгуу ниети жок экенин, бирок фракциясынын ичинде карама-каршы пикир жаралып жатканын билдирди. Коалицияны ыдыратууга кызыкдар күчтөр парламенттин ичинде да, сыртында да болуп жатканын белгиледи.

Кулов жергиликтүү шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразыланып, коалиция төрагалыгынан кеткенин жарыялаган. Андан кийин фракциясында айрым депутаттар коалициядан чыгуу тууралуу кол топтой баштаган.

“Ырыс алды - ынтымак” коалициясы ушул жылы сентябрь айында Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан түзүлгөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG