Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Балдар арасында ВИЧке чалдыккандар көбөйүп жатат


Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева учурда ВИЧ илдети менен 459 бала расмий каттоодо турганын билдирди. 2007-2008-жылдары өлкөнүн түштүгүндө ооруканаларда балдарга массалык ВИЧ жуккан факт боюнча териштирүү дагы деле уланып жатканын белгиледи.

ВИЧке кабылган балдардын энелери ушул айда Ак үйдүн алдында бир нече жолу нааразылык акцияга чыккан. Мындай митингдер былтыр да өткөн болчу. Алар айыкпас илдетке кабылган балдарына жөлөк пулду көбөйтүү, турак жай маселесин чечип берүүнү талап кылып жатышат.

Кыргызстан ВИЧ тез тараган жети өлкөгө кирет. Учурда жалпысынан 4,5 миңдей адам каттоодо турат. Бейрасмий маалымат булактарда мындай илдетке кабылгандардын саны 12 миңден ашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG