Айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев Казакстандан мурда макулдашылган 200 миң тонна буудайды алуу боюнча сүйлөшүү аяктай электигин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тараптар буудайдын баасы боюнча келише албай жатат. Казакстан буудайды базар баасында берүүгө макул, Кыргызстан болсо андан арзан алгысы келет. Узакбаев бул маселе 4-декабрда казак өкмөт башчысы Бишкекке келгенде да талкууланарын кошумчалады.
Министр Орусиядан жаңы жылга чейин 20 миң тонна буудай келерин, калган 80 миң тонна жаңы жылда алынаарын кабарлап, мамлекеттик материалдык резервде жетишерлик буудай бар, өлкөдө ун тартыш болбой турганын айтты.
Учурда кыргыз базарларында ундун баасы кыйла жогорулап кеткени айтылууда. (EBM)